музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  III Эл аралык конференция  

III Эл аралык конференция  

Пресс-маалымат

Бишкек ш., КР Улуттук тарых музейи25.05.23. 9:30
КР Улуттук тарых музейи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдѳѳнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо кѳрсѳтүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын алкагында, 2023-жылдын 24-27-майында “Маалымат  доорундагы тарыхый институттар, китеп жана окуу” аттуу III Эл аралык конференция   ѳткѳрүлѳт.

Илимий-практикалык конференция  КМШга мүчѳ-ѳлкѳлѳрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, ЮНЕСКОнун Россия комитетинин “Маалымат бардыгы үчүн”  Программасы, Москвадагы Китепканалар кызматташтыгынын региондор аралык борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан биргеликте ѳткѳрүлѳт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин  жана Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Бул эл аралык иш-чарага  КМШдан 8 ѳлкѳнүн башкы музейлеринин  жетекчилери, окумуштуулары, расмий бийлик ѳкүлдѳрү жана Кыргызстандын 7 облусунун келген музей адистеринин, бардыгы 150дѳн ашуун маданият, илим-изилдѳѳ жана билим берүү мекемелеринин, элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын,  ЖМК ѳкүлдѳрүнүн жана белгилүү маданият ишмерлеринин  катышуусу күтүлүүдѳ.

Иш-чаранын расмий ачылышында конференциянын катышуучуларына  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тѳрагасы  Н.Т. Шакиевдин куттуктоолору жолдонот.

Конференциянын жүрүшүндѳ, Кыргыз Республикасынын,  Казакстан Республикасынын, Ѳзбекстан Республикасынын, Түркмѳнстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын илимий-маданий мекемелердин жетекчилери, окумуштуулары илимий докладдар менен чыгышат.

Евразия чѳлкѳмүнѳн келген илимдин, маданияттын, адабияттын кѳрүнүктүү ишмерлери маалымат доорундагы  музейлердеги, илимдеги, маданияттагы, китепканалардагы трансформациялануу, санариптик-электрондук технологияны колдонуу ийгиликтери жана маселелери, тарыхый мурастар туурасында изилдѳѳлѳрү менен бѳлүшѳт.

Атайын чакырылган РФ Мамлекеттик тарых музейинин директору А.К. Левыкин, Жеңиш музейинин директору А.Я. Школьник, ЮНЕСКОнун Программасынын Россия комитетинин тѳрагасынын орун басары А.В. Паршакова, Алтай Республикасынын жетекчисинин мамлекеттик кеңешчиси И.И. Белеков, Эл аралык Борбор Азиялык изилдѳѳ институтунун эл аралык кызматташтыкты ѳнүктүрүү боюнча директору А.Н. Икрамов, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин маалымат ѳкүлчүлүгүнүн жетекчиси К.В. Антипов, Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин директору А.К. Сыдыков, Ѳзбекстан Мамлекеттик тарых музейинин директору Ж.Х. Исмаилова, Алтай Республикасынын Улуттук музейинин директору Р.М. Еркинова, Армения Улуттук музейинин директору Д.А. Погосян, Түркмѳнстандын Улуттук музейинин директору М. Чарыев, Беларусь Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору А.В. Храмой ж.б кѳптѳгѳн музей, китепканалардын жана окуу жайлардын, илимий мекемелердин, эл аралык институттардын, долбоорлордун жетекчилеринин жана окумуштуулардын илимий докладдары окулат.

Конференцияда 6 секцияда илимий иш алынып барылып, 1-секция, “Маалымат доорунда тарыхый жана маданий мурастарды популярдаштыруу: КМШ ѳлкѳлѳрүнүн тажрыйбасында”; 2-секция, “Маалымат доорунда окуу”; 3-секция, “Маалымат доорунда окуу жана билим берүү”; 4-секция, “Азыркы санариптик коомдогу эстутум институттары; баалоо ыктары жана тажрыйба”;  5-секция, “Маалымат доорунда адабият жана маданият мурастары”; 6-секция,  “Ѳспүрүмдѳр жана жаштар арасында окууну жайылтуу: актуалдуу проблемалар жана заманбап иштѳѳ усулдары” аталышта ѳтѳт.

Илимий жыйында Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган  “Музей иши жана маданий баалуулуктарды” аталышта тематикалык тегерек стол уюштурулуп илим жана маданият чѳйрѳсүнүн кеңири катмарынын катышуусунда музей ишмердүүлүгү тууралуу дискуссия жүргүзүлѳт.

Эл аралык илимий конференциянын алкагында, Кыргыз Республикасынын 7 облустун 21 музейинин директорлору катышат.

 Конференциянын жүрүшүндѳ, КМШнын 10 музейи: Азербайжандын Улуттук тарых музейи,  Армениянын тарых музейи, Беларусь Республикасынын Улуттук тарых музейи, Казакстан Республикасынын Улуттук музейи, Ѳзбекстан Мамлекеттик музейи, РФнын Мамлекеттик Третьяков галереясы, А.В. Анохин атындагы Алтай Республикасынын Улуттук музейи, Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Мамлекеттик тарых музейи, Россиянын азыркы тарыхы боюнча Мамлекеттик борбордук музейи, Татарстан Республикасынын Улуттук музейи менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин  ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи Эл аралык илимий конференцияны ѳткѳрүү менен мамлекеттик маданий мекемелер арасындагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашууну жолго коюу, маалымат майданындагы технологиялык жетишкендиктер менен бѳлүшүү, тарыхый институттардын ролун кѳтѳрүү, азыркы муунга китеп окууну таратуу иштерин кѳздѳйт.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, конференциянын материалдарынын электрондук жыйнагы жарыяланат.

Негизги пленардык жыйын КР Улуттук тарых музейинде, 25-майда саат 9.30да ачылат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90