музей кыргызстана новости темный фон
  /  Без рубрики   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ АКШнын ЧИКАГО УНИВЕРСИТЕТИНИН МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ САКТОО ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ АКШнын ЧИКАГО УНИВЕРСИТЕТИНИН МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ САКТОО ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

КР УТМнын директору Жылдыз Бакашова Чикаго университетинин Маданий мурастарды сактоо Институтунун директору, профессор Гил Стайн, илимдин доктору, археолог Майкл Фишер жана реставратор адиси Фабио Коломбо менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелер, музейдеги реставрация жана консервациялоо иштери, музей буюмдарын сактоо, археология илимин өнүктүрүү, реставрация жаатында музей кызматкерлерин даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Чикаго университетинин Маданий мурастарын сактоо Институту Улуттук тарых музейи менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана өз ара кызматташуу боюнча Меморандумду талкуулашып, мындан ары иштиктүү иш алып барып туууралуу макулдашышты.

Өз кезегинде Улуттук музей “Кыргыз Республикасынын маданий ресурстарын башкаруу системасын түзүү жана маданият тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында уюштурулган Архивдик-санарип бөлмө жана Калыбына келтирүү устаканасы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Жолугушуу музейдин жетекчиси Ж. Бакашованын презентациясы менен улантылды.

Улуттук музей менен Чикаго университетинин Маданий мурастарды сактоо Институтунун ортосундагы түзүлүп жана иштеп баштаган долбоорлор, улуттук тарыхты сактоого жана жайылтууга, байыркы бай тарыхыбызды таанытууга гана эмес, сактоого да мүмкүндүк түзөт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90