УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЯПОНИЯНЫН ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АГЕНТТИГИНИН “САЙКА” АРТ-КѲРГѲЗМѲСҮ ѲТҮҮДѲ
JICA менен Тарых музейинин кызматташтыгынын негизинде “САЙКА” долбоорунун аркасында ѳтүп жаткан иш-чаранын алкагында, музейде Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэкинин жана Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хиройуки мырзанын жана коомчулуктун катышуусу менен 8-август күнү Япониянын “Тынчтык күнү” белгиленди.
Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына 1945-жылы, 6-9-август күнү ташталган ядролук дүрмѳттүн катастрофалык кесепеттери жана табигый оор кырсыктарга карабастан япон элинин үлгү ала турган рухунун күчтүүлүгүн даңазалаган жана япон-кыргыз маданиятынын байыркылыгын, социалдык турмуштун ар кыл жактарынын ѳзгѳчѳлүктѳрүн кылдаттык менен ачып берген иш-чара тууралуу Элчи Года Хидэкинин расмий сѳз сүйлѳѳсү жана JICAнын туруктуу ѳкүлү Кавамото Хиройуки мырзанын презентациясы менен башталды.
Арт-кѳргѳзмѳ модернисттик заманбап татаал ыкмада жасалгандыгы, психологиялык күчтүү таасир бергендиги жана япон каллиграфиясы менен оригами сыяктууу мастер-класстары кѳрүүчүлѳрдү ышкысын жандырып турду.
JICAнын ѳкүлдѳрү соңунда, долбоорду колдоого алган жана туруктуу кызматташууга ѳткѳн КР Улуттук тарых музейине жана жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
