музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ВЕНГРИЯНЫН ВЕНГЕР УЛУТТУК МУЗЕЙИ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙД

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ВЕНГРИЯНЫН ВЕНГЕР УЛУТТУК МУЗЕЙИ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙД

Кыргызстан менен Венгриянын саясий-экономикалык жана маданий тыгыз кызматташуусунун алкагында келген Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги мырза, орун басары Дароци Ласло мырза, Элчиликтин соода атташесинин ассистенти Тахмина Закирова, Венгер Улуттук Музейинин Башкы директору Л. Шимон Ласло мырза Венгер Улуттук Музейинин Башкы директорунун археология боюнча орун басары Др. Вирагош Габор мырза жана музейдин археолог адиси Ухрин-Майерик Вера айым менен тарых музейинин илимий кызматкерлери ортосунда иштиктүү сүйлѳшүү ѳткѳрүлдү.

КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси Бакашова Жылдыз Кемеловнанын Венгриядагы иш сапарында сүйлѳшүлгѳн маселелер талкууланып, жыйынтыгында музейлер ортосундагы тажрыйба алмашуу, кѳргѳзмѳлѳрдү түзүү, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, тарыхый предметтерди реставрация жана консервациялоо, ж.б. спецификалык тармактарда кеңешип иш алып баруу, эки ѳлкѳнүн маданий баалуулуктарын сактоого кам кѳрүү жана жайылтуу боюнча Меморандум түзүлдү.

Расмий кол коюдан кийин, делегация ѳкүлдѳрү түрк дүйнѳсүнүн тарыхы жана эң байыркы түрк эли – кыргыздардын мамлекеттүүлүгү жана маданияты менен адистин коштоосунда таанышып, кѳргѳзмѳнү суктануу менен кѳрүп чыгышты.

Айрыкча түрк элинин саясий жана маданий калыптанышына негиз салган хуннулар, ошол доорго таандык Элдердин Улуу кѳчү мезгилиндеги курал-жарактар, алтын жасалгалар, байыркы бешик, тогуз коргоол, боз үй ж.б. уникалдуу табылгаларга кызыгууларын билдиришти.

Венгр ѳлкѳсүнүн жогорку рангдагы атайын ѳкүлүнүн, музей жетекчилеринин, адистеринин сапары музейлер ортосундагы маданий кызматташтыкты мындан ары жаңы баскычка кѳтѳрүүгѳ түрткү берди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90