Image Alt
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КУРСК САЛГЫЛАШУУСУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ѲТКѲРҮЛДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КУРСК САЛГЫЛАШУУСУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ѲТКѲРҮЛДҮ

.КР Улуттук тарых музейи менен “Гармония” орус маданий борбору тарабынан Дүйнѳлүк экинчи согуштагы Курск салгылашуусундагы эң ири жеңишке 80 жыл толгондугуна карата иш-чара уюштурулду.

Иш-чарада трагедия жана триумф менен коштолгон Курск салгылашуусундагы аталардын эрдиги, советтик жана кыргыз жоокерлеринин Улуу Жеңиш үчүн жеңил келбеген күрѳшү ырааттуу баяндалган “Курск салгылашусу – 1943-жылдагы кандуу жай” аталыштагы 25 стендден турган фотодокументалдык кѳргѳзмѳ ачылып, тарыхый окуяны сүрѳттѳгѳн, мекенчилдик сезимди ойготкон даректүү кинофильм кѳрсѳтүлдү.

Катышуучулар Курск салгылашуусуна Кызыл Армиянын катарында советтик жана кыргызстандык жоокерлер активдүү катышкандыгы, алардын каармандык жана эрдик менен жан аябай күрѳшкѳндүгү элдин эсинде түбѳлүккѳ сакталаарын баса белгилешти.

Адамзаттын башына мүшкүл салган коркунучтан сактап калган аталардын эрдиги эч качан унутулбастыгы иш-чарада дагы бир ирет далилденди.

Маалымат: 1943-жылы Кызыл Армия түштүк-батыштан Курск багытында фашисттик күчтѳргѳ кубаттуу сокку урган тарыхый окуя орун алган.

Бул кармаш немис аскерлеринин акыркы чоң чабуулун үзгүлтүккө учуратып, СССР майданда стратегиялык демилгени биротоло өз колуна алган тарыхтагы ири окуя катары белгилүү. 50 күнгѳ созулган бул согушка эки тараптан 2 миллиондон ашык жоокер, 6 миңден ашуун танка, 4.5 минге чукул аскер учактары катышкан дүйнѳ элининин тагдырына таасир эткен тарыхтагы ири салгылашуу болуп калган.

Ар бир укум жер үчүн күрѳш жүрүп, сансыз кайгы-азапка салган, адамдардын ѳмүрүн соолуткан, гүлдѳгѳн шаарларды чѳлгѳ айланткан фашизмди кыйратууга багытталган кан тѳгүлгѳн негизги кармашка айланган согушта советтик жоокерлер жеңген.

Сталинград алдындагы согуш немец армиясынын күнүнүн батып баратканын кѳрсѳтсѳ, ал эми Курск салгылашуусу аларды катастрофалык кыйроого кептеген, СССРдин жеңишине жол ачылган согуш катары тарыхта калды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90