музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АКШ ЭЛЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ БРАЙАН БЭКМАНН КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АКШ ЭЛЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ БРАЙАН БЭКМАНН КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова маданият тармагында кызматташууну жүргүзүү максатында Бишкектеги АКШ элчисинин орун басары, коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн башчысы Брайан Бэкманн менен жолугушуп, тарыхый эстеликтерди сактап калуу ж.б. приоритеттүү багыттар боюнча сүйлѳшүү ѳткѳрдү.

Музей директору кызматташуунун негизги темасы боюнча атайын презентация жасап, Кыргызстандагы бузулуу, жок болуу, сатылып кетүү коркунучунда турган археологиялык табылгаларды, тарыхый-архитектуралык эстеликтерди, шаар чалдыбарларын биргеликте сактап калуу боюнча конкреттүү сунуштарды берди.

Презентацияда Кыргызстанда 800 жакын табылган таш айкелдер – балбалдардын жыл сайын азайуу жана жоголуп кетүү ыктымалдыгы күчѳгѳндүгү тууралуу ѳзгѳчѳ белгиленди.

Бүгүнкү күн маселесинде актуалдуу саналган маселелер тууралуу ынанымдуу маалыматтарды талкуулоодон соң, Брайан Бэкманн мырза, Чикаго университетинин Маданий мурастарды сактоо Институту менен кызматташууну жигердүү улантуу, музей адистерин англис тилин үйрѳнүү үчүн курска окутууга кѳмѳктѳшүүгѳ жардам берээрин билдирди.

Расмий сүйлѳшүүдѳн кийин, дипломат музей кѳргѳзмѳсүнѳ саякат жасап, Кыргызстандын археологиялык жана этнографиялык уникалдуу буюмдары менен таанышып чыкты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90