музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БАРСЕЛОНА КЛУБУНУН ЛЕГЕНДАРЛУУ ФУТБОЛИСТТЕРИ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БАРСЕЛОНА КЛУБУНУН ЛЕГЕНДАРЛУУ ФУТБОЛИСТТЕРИ КЕЛДИ

Кыргызстанда “Барселона” клубунун Борбор Азиядагы биринчи академиясынын ачылышына келген легендарлуу футболчулар Улуттук тарых музейине келип, Кыргызстандын миңдеген жылдарды камтыган тарыхы жана маданияты менен таанышып чыгышты. Улуттук музейдин жетекчиси Бакашова Жылдыз Кемеловна “Барселонанын” легендалары болгон ондогон таанымал футбол жылдыздарын тосуп алды.

“Алтын топтун”, “Дүйнөлүк кубоктун”, “Алтын бутсанын” жана башка көптөгөн престиждүү наамдардын ээлери, салттуу учурашуу жана таанышуудан кийин эстелик сүрѳткѳ түшүштү.

Байыркы элдин тарыхы менен таанышууга келген футбол чеберлерине Кыргыз мамлекеттүлүгү, кыргыз элинин этногенези, салтуу турмушу, руханий мурастары тууралуу кызыктуу баяндама жасалды.

Экскурсиянын жүрүшүндѳ Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган Эгемендүү Кыргызстандын 32 жыл толушуна карата түзүлгѳн фотокѳргѳзмѳгѳ атайын токтолуп, билим берүү, маданият, спорт, экономика ж.б. тармактардагы реформаларга жана мамлекеттин жүргүзүп жаткан активдүү саясатына назар салышты.

Атактуу Испаниялык спортчулар, соңунда Борбордук Азиядагы бай тарыхы жана мыкты коллекциялык топтомдору бар музейге атайын маданий экскурсия уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90