музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ОМБУДСМЕНИ ШЕРЕФ МАЛКОЧ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ОМБУДСМЕНИ ШЕРЕФ МАЛКОЧ КЕЛДИ

Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Кыргызстандагы алгачкы расмий иш сапарынын алкагында, тарых музейине саякат жасады.

КР Акыйкатчы институтунан омбудсмени Жамиля Жаманбаева, Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч жана делегация ѳкүлдѳрүнѳ илимий кызматкер тарабынан “Манас” эпосунун элдүүлүгү, Улуу Кыргыз Дѳѳлѳтү жана орток түрк маданиятынын ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу кызыктуу маалыматтар берилди.

Тарыхка терең абай салган Шереф Малкоч мырза, байыркы сактар – түрктѳрдүн бабалары экендигине, кыргыз-түрк тамыры тереңге кетээрине токтолуп ѳттү.

Кѳргѳзмѳнүн соңунда, расмий меймандар Борбордук Азиядагы экспонаттарынын корунун кѳптүгү, түпнускалуулугу жана оргиналдуулугу менен ѳзгѳчѳлѳнгѳн Башкы музейге ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90