музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ ЖООКЕРИНИН IX ЖАНА XV КЫЛЫМДАРДАГЫ СООТ КИЙИМДЕРИНИН ТАРЫХЫЙ РЕКОНСТРУКЦИЯСЫНЫН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ ЖООКЕРИНИН IX ЖАНА XV КЫЛЫМДАРДАГЫ СООТ КИЙИМДЕРИНИН ТАРЫХЫЙ РЕКОНСТРУКЦИЯСЫНЫН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

Кѳргѳзмѳнүн ачылышына КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова, Борбор Азия Университетинин Маданий мурастарды сактоо бөлмүнүн мүдүрү Элмира Көчүмкулова, окумуштуу тарыхчылар Кубат Табалдиев, Рыскул Жолдошов, Кадыраалы Коңкобаев, Ороз Солтобаев, Табылды Акеров жана активдүү коомчулук катышты.

Бул көргөзмөдө IX жана XV кылымдарга таандык кыргыз жоокеринин эки комплект соот кийиминин тарыхый реконструкциясы, соотторду коштогон сүрөттөр (digital art) көргөзмө кѳрсѳтүлүп жана атайын тартылган анимациялык тасма кѳрѳрмандарга тартууланды.

Кыргыздын белдүү жигиттери жана уюштуруучулары, соот кийимди кийип кѳрсѳтүү церемониясында жоокерлердин образдарын чагылдыруу жана анын ѳзгѳчѳлүгү тууралуу илимий комментарийлѳѳ менен түшүндүрүп беришти.

Кѳргѳзмѳнүн максаты, байыркы жана орто кылымдарга таандык соот кийимдердин негизинде кыргыздардын аскердик искусствосуна байланыштуу салттуу билимдерди жандандыруу жана маданий мурастарыбызды өнүктүрүп сактоо болуп саналаарын мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар жана долбоорду демилгелеген жаш изилдѳѳчүлѳр, иш-чаранын жүрүшүндѳ белгилеп ѳтүштү.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастарды сактоо жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн колдоосу, Chapansar студиясы жана “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду ж.б. колдоочулардын көмөгү менен уюштурулду.

Кыргыз жоокеринин кийимдери аркылуу Кыргыздын тарыхы, маданияты, мамлекеттүүлүгү менен таанышып, мекенчилдикке үндѳгѳн кѳргѳзмѳнү кѳрүп кетүүнү Улуттук тарых музейи сунуштайт.

Мезгилдүү кѳргѳзмѳ 2023-жылдын 8-сентябрынан – 8-октябрына чейин уланат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90