КАРА КҮҮЛѲРДҮН АЛПЫ КАРАМОЛДО ОРОЗОВДУН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ ФИЛАРМОНИЯДА АЧЫЛДЫ.
Комуз күнүнѳ жана кыргыз профессионалдык музыкалык маданиятынын ѳнүгүшүнѳ зор салым кошкон күү чебери К. Орозовдун 140 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында ачылган фотокѳргѳзмѳнү КР Мамлекеттик катчысы Сапарбек Касмамбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, обончу, коомдук ишмер Түгѳлбай Казаковдор кѳрүп чыгышты.
Күү классиги тууралуу кыскача маалымат алган Мамлекеттик катчы, ал кишинин айылдашы катары комузун бала чагында черткендигин, маданияттын туткасы саналган улуу инсандар унутулбашы керектигин экскурсиянын жүрүшүндѳ белгиледи.
Фотодокументтерден жана жеке буюмдарынан турган кѳргѳзмѳдѳгү үй-бүлѳсү тарабынан сакталып келе жаткан, реликвияга айланган Карамолдо Орозовдун комузу кѳргѳзмѳнү кѳргѳн иш-чаранын катышуучуларынын ѳзгѳчѳ кызыгуусун арттырды.
Улуу комузчунун жалпы 53 күүсү ѳзүнүн аткаруусунда Москванын жана Кыргызстандын радиофондусуна жазылгандыгы, кыргыз күүлѳрүнүн симфониясына айланган “Кѳкѳй кести”, “Сынган бугу”, “Насыят” сыяктуу ондогон күүлѳрүн калтыргандыгы, ал тууралуу 3 китеп, 70 жакын макала жарык кѳрүп, ырлар, дастандар жазылгандыгы тууралуу ж.б. кѳптѳгѳн маалыматтар кѳрүүчүлѳргѳ берилди.
Музей тарыхый инсандардын ѳрнѳк болуучу басып ѳткѳн жолун кѳрсѳтүү менен, коомдук маданияттын калыптанышына салымын кошууну мындан ары да ырааттуу улантат.
Маалымат:
Күү чеберинин башка комузчулардан биринчи ѳзгѳчѳлүгү анын күүлѳрүнүн программалуулугу болгон. М.: “Чоң кербез”, “Жаш кербез”, “Бала кербез”, “Токтогулдун ботою”, “Күрѳңкѳйлүн ботою”, “Бектурдун ботою”, “Терме Камбаркан”, “Шайыр Камбаркан”, “Чоң Камбаркан”, “Келиндердин кер толгоо”, “Сур толгоо”, “Жаа толгоо” сыяктуу сериал түрүндѳ күүлѳрдүн уланышы болуп саналат.
Экинчи ѳзгѳчѳлүгү, кыл аспапты черткенде кылынан эки үн, кош добуш чыккандыгы болгон.
Үчүнчү ѳзгѳчѳлүгү, кол ойнотуп, дене башын ойдолотуп кыймылдатпастан, капкагын какпай, кылын так алып черткендиги менен айырмаланган.
Тѳртүнчү, комуз кылын тергенде 5 манжасынан беш башка күүлѳнүп, гомофониялык жана полифониялык кош дооштоно чыккан, ыргактуу уланган, күчѳп жүрүп отурган ыкмада ѳтѳ так чертилген.
Бешинчи, кѳп комузчулардын күүлѳрү үндѳш келсе, Карамолдодо үндѳштүк жокко эссе болгондугу менен ѳзгѳчѳлѳнгѳндүгү б.с.