КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КМШГА МҮЧѲ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАНА ИЛИМИЙ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН XVI ФОРУМУ ѲТТҮ
Кыргыз Республикасында уюштурулуп ѳтүп жаткан “Маданияттардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу – шериктештикке жана тынчтыкка карай” аталыштагы XVI форумдун катышуучулары, тарых музейинде илим жана чыгармачылык чѳйрѳдѳгү изилдѳѳлѳрү, жаштардын демилгелери, тил, адабият ж.б. актуалдуу маселелер боюнча ой алмашып жана аларды ишке ашырууну талкуулашты.
Борбордук панелдик талкууда, улуттар аралык байланыш каражаты катары орус тили жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын азыркы учурдун руханий дүйнө таанымына тийгизген таасири тууралуу жүрдү.
Музейдин жаңы жыйындар залындагы форумдун жүрүшүндѳ, КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун диалог түзүүчү резолюциясы кабыл алынды.
Легендарлуу муз бийинин фигуристкасы, 10 жолку дүйнө жана үч жолку Олимпиада чемпиону Ирина Роднина сындуу кѳрүнүктүү ишмерлердин да катышышы, форумдун таасирин жана кадыр-баркын кѳтѳрүп турду.
Илимий-маданий байланышын тереңдеткен форумунун салтанаттуу жабылуу аземи да КР Улуттук тарых музейинде ѳтүп, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык башкармалыгынын тең төрагасы, Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой катышып, ар бир секция боюнча жыйынтыгын чыгарышты.
Мамлекеттер аралык маданий диалог түзүүгѳ кошкон салымы үчүн Михаил Швыдкойго Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин эмгек жамаатынын атынан ыраазычылык катын жана чакан белегин музей директору, профессор Жылдыз Бакашова тапшырды.
КМШы ѳлкѳлѳрүнүн кеңешинин кезектеги отурумунун катышуучулары иш-чаранын соңунда, маданий программасынын алкагында, Улуттук тарых музейинин экспозициясына саякат кылышты.
Эл аралык илим, маданият тармагындагы кызматташууну чыңдоо үстүндѳ кѳп эмгек жасап келе жаткан алдыңкы топ, Байыркы доордон – Эгемендүү Кыргызстанга чейинки тарыхый мурастары боюнча кызыгуу менен угуп, берилүү менен кѳрүп чыгышты.
Расмий меймандар соңунда, музейдин мыкты коллекциялары боюнча ырааттуу жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.