музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИНДЕ “РОССИЯДАН АЗИЯГА” АТАЛЫШТАГЫ ФОТОКѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИНДЕ “РОССИЯДАН АЗИЯГА” АТАЛЫШТАГЫ ФОТОКѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

“Кыргызстан – Россия: жалпы маданий мурас” эл аралык фестивалынын алкагында, түстүү сүрѳттѳрдүн пионери, саякатчы фотограф Сергей Прокудин-Горскийдин “Россиядан Азияга” аталыштагы Россиядан жана Азиядан тартылган сүрѳт эмгектеринин кѳргѳзмѳсү кѳрсѳтүлүүдѳ.

Прокудин-Горскийдин эмгегинин негизинде Владимир Михайлов Лидскийдин түзгѳн китеп-альбомунун тандалып алынган 25 сүрѳт кѳргѳзмѳнүн кыргыз жеринен тартылып алынган 6 сүрѳтү Кыргызстан тууралуу кызыктуу маалымат берет.

19-кылымдын аягы – 20-кылымдагы Евразиянын кеңири аймагындагы калктын руханий жана материалдык дүйнѳсүн чагылдырууга багытталган, алардын күнүмдүк чарбалык турмушунан тарта, тарыхый жайлардын жана шаарлардын тарыхына чейин баяндап кѳрсѳткѳн түстүү сүрѳттѳр, кѳчмѳндѳр менен отурукташкан элдин чыныгы жашоосун, архитектурасын, диний ишенимин, ж.б. баалуулуктарын кѳз алдыга тартып берет.

Сүрѳт ѳнѳрүнүн ѳнүгүшүнѳ салым кошкон автордук иш-чаранын кѳргѳзмѳсүн кѳрүп кетүүгѳ тарых музейи кѳрѳрмандарын чакырат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90