УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИК УЮШТУРДУ
Улуттук музейдин кызматкерлери КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жѳнүндѳ” Жарлыгын жана иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында жана жалпы республикалык масштабдуу акциянын алкагында Бишкек шаарын кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу үчүн 16-сентябрь күнү ишембиликке чыгышты.
Музейлер – ѳлкѳнүн жүзү саналгандыктан, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан музейдин айлана-чөйрөсүн иретке келтирип, айланасын таштандылардан арылтуу иштери уюшкандыкта жүргүзүлдү.
Музей кызматкерлери имараттын ичи-тышын жана айланасын тыкан абалга келтирип, кѳрѳрмандардын эс алуучу маданий аянттардын дагы бир ирет тартипке салып, ишембиликке салымын кошушту.
