музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ-ЖАПОН ИШКЕРЛЕР КЕⱧЕШИНИН “600 КҮНДҮК ҮМҮТ” АТТУУ ДОКУМЕНТАЛДЫК ФИЛЬМИ КѲРСѲТҮЛДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ-ЖАПОН ИШКЕРЛЕР КЕⱧЕШИНИН “600 КҮНДҮК ҮМҮТ” АТТУУ ДОКУМЕНТАЛДЫК ФИЛЬМИ КѲРСѲТҮЛДҮ

Кыргыз-Жапон Ишкерлер Кеңешинин уюштуруусу менен тарых музейинде кыргыз продюсери Арстанбек Саргалдаевдин Борбордук Азияга интернирленип, 1946-1948-жж. Кыргызстанда келген япон туткундарына арналган “600 күндүк үмүт” автордук даректүү тасмасы тартууланды.

Иш-чарага Япониянын Элчилигинин кызматкерлери, JICAнын Туруктуу Ѳкүлчүлүгү, Ниигата префектурасынын келген делегация курамы, о.э. Кыргызстандагы Япониянын жарандары жана кыргыз кѳрүүчѳлѳрү катышты.

Достук мүнѳздѳгү даректүү тасмада Кыргызстан элинин адамгерчиликтүү мамилеси тууралуу туткундардын эскерүүлѳрү, жергиликтүү элдин туткундарга жасаган жылуу мамилеси, кыргыздардын жакшылыгынан бир да япон бейити тургузулбай мекенине эсен-соо кайткандыгы тууралуу күчтүү таасир эткен баян кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толду .

“600 күндүк үмүт” буга чейин да Кыргызстандын жана Япониянын ар түрдүү аянтчаларында демонстрацияланып, кѳрүүчүлѳрдүн позитивдүү оң бааларын алган.

КР Улуттук тарых музейинде коюлган, эки элдин достугуна кѳпүрѳ катары кызмат кылган эмгек, кыргыз-жапон кызматташтыгынын чыңдалышына дагы да жаңы дем жана түрткү берээри иш-чарада айтылды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90