КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН КЫТАЙ КОМИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КѲРҮП КЕТТИ
ШКУнун Кытай Комитетинин тѳрагасынын орун басары Цуй Ли, КЭРдин ТИМинин Кеңешчи ѳкүлү, ШКУнун Кытай Комитетинин Башкы катчысы Чжэн Вэй, Кыргыз Республикасындагы КЭРдин Элчилигинин кеңешчиси Чжан Шубай ж.б. иш сапарда жүргѳн расмий ѳкүлдѳрү тарых музейине келип, кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы жана жаңы тарыхы менен таанышып чыгышты.
Кытай ѳлкѳсүнүн жогорку рангдагы ѳкүлдѳрүн, ѳзгѳчѳ алгачкы кыргыз-кытай байланыштары, Улуу Жибек жолунун тарыхый орду, кыргыз тарыхы тууралуу жазылган кытай хроникаларынын илимий мааниси, “Манас” эпосу жана андагы кытай эли тууралуу калтырылган терең маалыматтар, кытай ѳлкѳсүнѳн берилген белектер тууралуу даректүү баяндар ѳзүнѳ тартып жатты.
Атайын уюштурулган экскурсиянын соңунда, расмий меймандар маданий программага уруксаат берген музей жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.