музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИШКЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИШКЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уюштуруусу менен ишкерлер күнү белгиленди.

Иш-чара концерттик программа менен башталып, артисттердин жандуу аткаруусунда ыр-күүлѳр тартууланды.

Ишкерлер күнүнүн расмий бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Соода ѳнѳр-жай палатасынын президенти Темир Сариев, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсѳнбековалар ачып, куттуктоо сѳздѳрү менен катар, алдыдагы биргеликте жасалуучу иштер, ѳндүрүшчүлѳрдүн кошкон салымы тууралуу белгилешти.

Кыргыз Республикасынын бизнес-ассоциацияларынын алдыңкы ѳкүлдѳрү иш-чаранын жүрүшүндѳ ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Тарых музейинде ѳткѳн Кыргызстандын ѳндүрүштүк потенциялынын жогорулоосу жана экономикалык бакубатчылыгынын үстүндѳ эмгектенген ишкерлердин күнүнѳ арналып, сыйлоо аземи менен коштолгон иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90