музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК МАДАНИЯТЫ ЖАНА МУРАСЫ ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ ГЮНАЙ ЭФЕНДИЕВА КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК МАДАНИЯТЫ ЖАНА МУРАСЫ ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ ГЮНАЙ ЭФЕНДИЕВА КЕЛДИ

Кыргызстанда атайын иш сапарда жүргѳн түрк элдеринин маданий мурастарынын сактоо жана жайылтуу фондусун ийгиликтүү жетектеп келе жаткан Гюнай Эфендиева жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов тарыхый мурастардын ордосу болгон Улуттук тарых музейинин кѳргѳзмѳсүнѳ саякат жасады.

Ардактуу меймандарды музей кызматкерлери тосуп алып, кыргыз тарыхы, түрк дүйнѳсү жана улуттук мурастар боюнча экскурсия уюштурулду.

Эфендиева Гюнай айым кыргыз жана түрк элдеринин сыймыгына айланган Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Курманжан датка, Чынгыз Айтматов сындуу тарыхый инсандардын ѳмүр жолу менен таанышууга ѳзгѳчѳ кѳңүл бѳлдү.

Кыргыздардын тарыхый мамлекеттүлүгүнүн ареалы жана келип чыгуу этногенезиси, элинин кѳчмѳн турмушу менен экспонаттарынын уникалдуулугу тууралуу баяндамачынын айтуусунда маалыматтарга делегация ѳкүлдѳрү соңунда ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90