КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КМШГА МҮЧѲ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖАНА ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНА МҮЧѲ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын аймагында КМШга мүчѳ мамлекеттердин жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчѳ мамлекеттердин компетенттүү органдарынын “Евразия-Антитеррор – 2023” машыгуусун ишке ашыруу багытында ѳткѳн окуунун катышуучулары, маданий эс алуу бѳлүгүндѳ музейге келишип, Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу музейдин экспозициясынан кеңири таанышты.
Расмий делегация курамын КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Туруктуу кѳргѳзмѳ залдарынан илимий кызматкерлер Кыргыздардын байыркы доордон – Эгемендүүлүккѳ чейинки жана азыркы учурдагы тарыхый-саясий окуялары, Евразия чѳлкѳмүндѳгү эки жана кѳп тараптуу мамлекеттер жана уюмдар аралык кызматташтыгы, ж.б. бай маалыматтарды түшүндүрүп беришти.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, окуу-машыгуунун катышуучуларын кабыл алган музейдин атынан музей жетекчиси Жылдыз Бакашова сѳз сүйлѳп, жылуу пикирин билдирип, мекеменин атынан тарых музейинин фондусунун уникалдуу экспонаттарынын тарыхы тууралуу жазылган “Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи” китеби ар бирине эстеликке тапшырылды.
Кѳрсѳтүлгѳн жогорку меймандостукка, тыкыр уюштурулган иш-чара менен музейде ѳткѳрүлгѳн экскурсияга жана жылуу кабыл алууга, соңунда келген ѳкүлдѳр ыраазычылыгын билдиришти.