КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл ѳкүлдѳр жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын мүчѳлѳрүнѳн турган делегациясы иш сапардын маданий программасына ылайык Улуттук тарых музейинин экспозициясына саякат жасап, Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат алып кетишти.
Бүткүл Кытай Эл ѳкүлдѳр жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Хао Пин жетектеген делегацияны Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Расмий делегация ѳкүлдѳрүнѳ, салттуу кабыл алуудан кийин “Манас” эпосунан тарта – миң жылдарды камтыган кыргыз-кытай дипломатиясынын тарыхына жана азыркы учурдагы ар тараптуу маданий-экономикалык интеграцияланууга чейин экспозиция залдарынан бай маалымат берилди.
Чыгыш жана Батыш ѳлкѳлѳрүнѳн Кыргызстанга Улуу Жибек жолу аркылуу келип, сакталып жеткен асем буюмдар импорттолгондугу буюмдун түп нускаларын кѳрсѳтүү менен баяндалды.
Эл аралык трансмагистралдык жолдун Кыргызстан аркылуу ѳтүшүнүн негизинде, байыркы жана орто кылымдарда эле саясий-тарыхый байланышка чыйыр салынганды түшүндүрүлдү.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, кыргыз-кытай алакасын күчѳтүү максатында жүргѳн расмий меймандар тарых музейинин иштерине ийгиликтерди каалашты.