КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ Ж. АБДРАХМАНОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕЛҮҮДѲ
Окуу жайдын билим алып жаткан биринчи курсунун студенттери, маданий-массалык иш-чаралар программасына ылайык тарых музейине келип, Кыргызстандын тарыхы боюнча кѳргѳзмѳнү кѳрүп, баяндама угушту.
Келечек ээлерине кылымдар бою сакталып жетип, доорлордун окуяларынын сырларын ачып берген музей предметтеринин тарыхы жана легендалары тууралуу маалымат берилди.
Билим алуучулар, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана жаратман инсандарына, орчундуу окуялары менен саясий-дипломатиялык алакаларына, ж.б. кѳптѳгѳн жараяндарга токтолушту.
Кыргыз Совет Улуттук мамлекеттүүлүгүн түптѳгѳн чыгаан инсандар – агартуучу И. Арабаев, илимпоз К. Тыныстанов, “Туран” мамлекетин түзүү идеасы үчүн күрѳшкѳн А. Сыдыков сындуу ишмерлердин ѳмүр-тагдыры жана ишмердүүлүгү тааныштырылды.
Ѳзгѳчѳ, Жусуп Абдрахмановдун жазып калтырган эмгеги, колдонгон эмереги, ага арналган бѳлүм кызыгууларын арттырды.
Ынтызаар студенттер, соңунда маданий-агартуучулук экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.