музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАРАМОЛДО ОРОЗОВДУН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОМУЗЧУЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТУРУ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАРАМОЛДО ОРОЗОВДУН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОМУЗЧУЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТУРУ ѲТТҮ

Улуттук тарых музейинин салтанаттуу жыйындар залында Кыргызстан боюнча кол ойноткон комузчулардын ичинен суурулуп чыккан 14 мыкты комузчу күү майданында ат салышып, республикалык байге куржуну үчүн ѳнѳрлѳрүн тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, маданияттын белгилүү ишмерлери менен комуздун чеберлери Түгөлбай Казаков, Самара Токтакунова, Намазбек Уралиев, Ирина Суеркулова, Рахат Көчөрбаев, Нурлан Нышановдор калыстык кылып, сыйлык ээлери аныкталды.

Кара күүнүн алпы Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган комузчулар арасындагы сынакта ѳзгѳчѳ даярдыгы, комузга жан киргизген чеберлиги менен айырмаланган Дүйшөнбек уулу Закирбек таймаштын жыйынтыгында баш байгени, Алагушов Бек I, ал эми Айсаев Жусуп II орунду багындырып, кыргыз элдик маданиятынын ѳнүктүрүүгѳ жана даңазалоого багытталган сынак ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90