музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КѲРГѲЗМѲСҮН ДЕЛЬФИ ОЮНДАРЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮП КЕТТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КѲРГѲЗМѲСҮН ДЕЛЬФИ ОЮНДАРЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮП КЕТТИ

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарынын 600гө жакын жаш өнөрпоздору катышкан XVII Дельфи оюндарынын чыгармачыл жамааттары Кыргызстандын тарыхый, маданий, идеологиялык мурастарынын жайы саналган Улуттук тарых музейне келип, таанышууну улантууда.

Классикалык, элдик жана заманбап искусствонун бардык өнөр түрүн өзүнө камтыган таланттардын таймашынын катышуучу ѳкүлдѳрүнѳ, руханий-агартуучу экскурсия илимий кызматкер тарабынан жүргүзүлдү.

Ѳнѳр ээлери Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрѳңкѳевдерден тарта, тѳкмѳ акындар Алыкул Үсѳнбаев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсѳнбаев, Ашыраалы Айталиев сындуу кѳрүнүктүү чыгармачыл инсандардын ѳздѳрү урунган буюмдары аркылуу, кыргыз музыка тарыхы менен байланыштуу маалымат берилди.

Байыркы элдик фольклордон, бүгүнкү искусство ишмердүүлүгүнѳ чейин баяндама уккан ышкылуу меймандар, соңунда ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90