музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ФОТОКѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ФОТОКѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” эл аралык медициналык гуманитардык уюмунун (MSF) Кыргызстандагы табигый кырсыктарга, эпидемияларга, коомдун аярлуу катмарына, саламаттык сактоо тармагына ж.б. багытта кѳрсѳткѳн ишмердүүлүгү тууралуу иш-чарасы жана фотокѳргѳзмѳсү тарых музейинде ѳттү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасындагы MSFнын миссиясынын башчысы Штефан Гроссе Рюшкамп жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, журналисттер иш-чарага катышты.

Долбоор мини-перформанс, психологиялык тренинг жана чакан театрлаштырылган спектакль менен коштолуп, жардам кѳрсѳтүүнүн жолдору тууралуу практикалык маалымат берилди.

Кѳргѳзмѳ менен катар, психологиялык жардам берүү бурчунда иш алынып барылды.

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунда жана Баткен облусунун Лейлек районунун жабыр тарткандарга психикалык жардам кѳрсѳтүү, медициналык мекемелердин потенциалын жогорулатуу жана менталдык саламаттык боюнча жигердүү иш алып барып жаткан иш-чарасын чагылдырган MSFдин тарых музейнде пландалган долбоору ийгиликтүү аяктады.

КР Улуттук тарых музейинде ачылган кѳргѳзмѳ менен 11-15-октябрда таанышып кетүүгѳ болот.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90