КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МЕДИА ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕЛИШТИ
Түрк мамлекеттери уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча министрлеринин жана жогорку даражалуу кызмат адамдарын 5-жыйынынын катышуучулары КР Улуттук тарых музейине келишти.
Конокторду КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жылуу тосуп алып, мекеме жөнүндө кыскача маалымат берди.
Андан кийин меймандар өлкөбүздүн байыркы мезгилдерден берки тарыхы жана маданияты чагылдырылган экспозициялар менен чоң кызыгууда таанышып чыгышып, жакшы пикирлерин айтышты.