КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КЕЛДИ
Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат боюнча 5-жыйынынын алкагында, Улуттук музейге Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы саякат жасады.
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Ѳмүралиевди мекеменин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, музей экспозициясын кѳрүп чыгышты.
Кыргызстандын илимий-усулдук борборунан кыргыз элинин тарыхы менен жакындан таанышууну каалаган мейманга, Борбордук Азиядагы түрк маданиятынын ролу жана изилдениши, кыргыз тарыхын тааныта турган уникалдуу музей предметтери тууралуу ырааттуу экскурсия жүргүзүлдү.
Атайын маданий программанын соңунда, музей администрациясына жана илимий экскурсияга уюмдун жетекчиси ыраазылыгын билдирди.