музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ѲЗГѲЧѲ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ѲЗГѲЧѲ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КЕЛДИ

Улуттук музейге расмий иш сапарынын алкагында, Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри, генерал-лейтенант Александр Куренков жетектеген делегация ѳкүлдѳрү, кыргыз коллегаларынын менен келип, кыргыз тарыхы жана маданияты тууралуу тааныштыруучу экскурсия угушту.

Кызматташтыкты илгерилетүү максатында келген меймандарга, Кыргызстандын тарыхынынын урунтуу учурлары, кыргыз-орус дипломатиялык алакасынын тарыхы боюнча кызыктуу баяндама жасалды.

Ар мезгилдеги артефактардын уникалдуулугу жана түп нускалуулугу, мезгилининин узактыгы менен географиялык алкагынын кеңдиги, элдин түп маданиятынын тарыхы тереңге бараары тууралуу маалымат алды.

Музейдин туруктуу экспозициясын кѳңүл коюу менен кѳрүп чыккан Александр Куренков, соңунда музей жетекчилигине жана маданий программага ѳзгѳчѳ ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90