музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МЕДИЦИНА ѲКҮЛДѲРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ѲТҮҮДѲ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МЕДИЦИНА ѲКҮЛДѲРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ѲТҮҮДѲ

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына арналган “Медицина илиминдеги жана билим берүү тармагындагы инновациялар” аттуу жыл сайын ѳтүүчү VI Эл аралык илимий-практикалык конференция кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдүн жана ѳнѳктѳштѳрдүн колдоосунда ишин баштады.

Ачылуу церемониясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын жана бир катар министрликтердин куттуктоо сѳздѳрү окулуп, тасма кѳрсѳтүлүп, конференциянын миссиясы тууралуу башкы маалыматтар берилди.

Кыргызстан, Казакстан Россия, Япония, Кытай, Индия, Пакистан ж.б. ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалуу ректорлору, кѳрүнүктүү окумуштуу-профессорлору жана күчтүү адистеринин катышуусундагы медицина илиминдеги изилдѳѳлѳр, жаңылыктар жана жетишкендиктер тууралуу пленардык жана секциялык жыйындарда кызыктуу докладдар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ медициналык жабдуулардын кѳргѳзмѳсү ачылып, ноокастап калган бейтаптарга практикалык жардам кѳрсѳтүү ык-жолдору түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ медициналык жабдуулардын кѳргѳзмѳсү ачылып, ноокастап калган бейтаптарга практикалык жардам кѳрсѳтүү ык-жолдору түшүндүрүлдү.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90