музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЯПОН КИНОСУНУН ФЕСТИВАЛЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЯПОН КИНОСУНУН ФЕСТИВАЛЫ ѲТТҮ

Кыргыз Республикасындагы Япон элчилигинин уюштуруусу менен, япон маданиятынын бир айлыгынын алкагындагы япон киносунун фестивалы кѳрѳрмандардын кызуу колдоосунда ѳткѳрүлдү.

Бишкек шаарынын тургундарына, жаштарга, музей кѳрүүчүлѳрүнѳ япон маданиятынын жана киноискусствосунун жетишкендиги, коомдун ар кыл катмарынын ѳкүлдѳрүнүн жашоосундагы сабак алуучу, эмоциялык таасирленткен окуялары тууралуу баяндаган фильмдер, атайын басылып чыккан китептер аркылуу маанилүү маалыматтар берилди.

Кыргызстан менен Япониянын маданият чѳйрѳсүндѳгү эки тараптуу мамилесинин чыңдалышына ѳбѳлгѳ боло турган фестиваль келген кѳрүүчүлѳр тарабынан жакшы бааланып, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Япон элчилиги иш-чаранын жүрүшүндѳ, фестивалдын жогорку деңгээлде уюштурулушуна мүмкүндүк түзгѳн тарых музейинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип кетишти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90