КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 113 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ѲТТҮ
Кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында, тарых музейинде илимий-практикалык конференция мамлекеттик жетекчилердин, коомдук ишмерлердин, окумуштуулардын жана активдүү жарандардын катышуусунда ѳткѳрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Баатыры И. Раззаковго арналган иш-чараны КР Мамлекеттик катчысы Сапарбек Касмамбетов ачып, ѳз сѳзүндѳ анын ѳлкѳгѳ сиңирген бараандуу эмгеги, тарыхтагы орду тууралуу баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндѳ улуу инсан тууралуу тасма тартууланып, кѳрүүчүлѳргѳ ал тууралуу жазылган китептер аркылуу маалыматтар таркатылып жатты.
Тарыхта алтын тамга аркылуу жазылып калган инсандын иш-чарасынын тарых музейинде ѳтүп жатышы да, символикалык ѳзгѳчѳ мааниге ээ болуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.