КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МЕНЕН ТААНЫШУУ МАКСАТЫНДА, БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫ КЕЛДИ
Алыскы Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл ѳкмѳттѳрүнүн айылдык Кеңештеринин депутаттары, КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу программасынын алкагында, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен улуттун жүзү саналган тарых музейине саякат жасашты.
Мекенчил депутаттарды КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, маданий мекеме менен таанышуу колдоого алуучу демилге экендигин белгилеп, кыргыз тарыхы менен таанышып чыгууну сунуштады.
Атайы келген меймандарга кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, улуу инсандардын ишмердүүлүгү менен байланышкан уникалдуу буюм экспонаттар аркылуу бай маалымат берилди.
Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков сындуу Кыргыз Совет мамлекеттүүлүгүнүн кѳч башында турган жетекчилер менен байланышкан бѳлүмгѳ ѳзгѳчѳ кызыгуусун билдиришти.
Эл депутаттары соңунда, эстетикалык эс алууга, кѳп кылымдык тарыхты кѳрүүгѳ шарт түзүп берген музей жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.