музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  ПРЕСС- РЕЛИЗ: 2023-жылдын 28-Октябрь Бишкек шаарында өтө турган өзгөчө тарыхый саамалыкка чакырабыз!

ПРЕСС- РЕЛИЗ: 2023-жылдын 28-Октябрь Бишкек шаарында өтө турган өзгөчө тарыхый саамалыкка чакырабыз!

Урматтуу медиа өкүлдөрү, ардактуу журналисттер!

2023-жылдын 28-Октябрь Бишкек шаарында өтө турган өзгөчө тарыхый саамалыкка чакырабыз! XVIII-XIX-XX-кылымдарда касиеттүү көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар-жети акенин кайрадан жаңыланып,  изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы жети портрети “7” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жалпы көрүүчүлөргө, элге тартууланат.

Айтылуу жети аке ыйгарымдуу бийликтин өкүлдөрү болушпаса да эл келечеги үчүн ак кызмат өтөп, эл башына түшкөн ар түрдүү чиеленишкен окуялардын түйүнүн чечип, эл тарабына ылайыктуу чечимдердин негизги аныктоочусу болушкан. Кара кылды как жарып, тайманбай айткан пикирлери, акыл-насааттары, акыл-кептеринин бир кыйласы бүгүн да эл арасында айтылып, алар көрсөткөн бузулбас улуттук жолдун башаты актуалдуулугун жоготпой келет. Ар түрдүү тар жол, тайгак кечүүдөн жол таап, акылмандыгы, даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, жөнөнөйлүгү, билгилиги менен элди ынтымакка чакырып, артынан ээрчите билишкен. Калк мүңкүрөп, кыйналып турганда  эл көйгөйүн чечип, эл намысына жарап, улуттун абийирин сактап беришкен. Татыктуу жашап өткөн тарыхый инсандардын, касиеттүү акелерибиздин өмүрү биз үчүн бүгүн сабак жана өрнөк.

Иш-чара 28-Октября саат 15:00 Улутук тарых музейи

“Жети” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн экспонаттары – айтылуу жети акенин элестери түшүрүлгөн картиналар. Портрет жанрында аткарылган, реализм жана импрессионизм ыкмалары менен жазылган чыгармалардын автору – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, көптөгөн эл аралык жана жеке көргөзмөлөрдүн катышуучусу Абазбек Апиев.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары – Каракол шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көлдөгү филиалы.

Көргөзмөнүн максаты – жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз улутунун тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө.

“Жети” көргөзмөсү  Каракол шаарындагы  жети орто мектепке акелердин ысымдары ыйгарылып, портреттер мектептерге белекке өткөрүлүп берилмекчи.

Сүрөттүн автор тууралуу маалымат:

Абазбек Апиев – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, КР Сүрөтчүлөр Союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С. Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана КГУСТА университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы эң оорчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана Ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырылган “Ыйык аманаттар” чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган. 

Байланыш үчүн: Абазбек Апиев – @abaz_paints, 0 702 67 86 73

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90