КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АЖЫДААРЛАРДЫН ЖАНА БАЛДАР КААРМАНДАРЫНЫН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ
Тарых музейинде илимий-маданий тарбиялык кѳргѳзмѳлѳр менен катар, элдердин эстетикалык эс алуусуна шарт түзгѳн иш-чаралар уюштурулуп келет.
Бүгүн, жаш муундун кѳңүл кушун кѳтѳргѳн, бийиктиги 2.5 метрге чейин жеткен фантастикалык алп жаныбарлардын жана балдар тасмасынын сүйүктүү персонаждарына айланган Шрек, Такай сындуу мультфильмдин каармандарын кѳрүү мүмкүнчүлүгүн түзгѳн кѳргѳзмѳ ачылды.
Улуттук музейде балдардын таанып билүү жѳндѳмүн ѳстүргѳн мифологиялык жана мистикалык кѳргѳзмѳнү, балакайлар чери жазыла кѳрүп башташты.
Сырдуу жана табышмактуу жомоктор дүйнѳсүн чагылдырган кѳзгѳзмѳ 1 айга созулгандыктан, музей экспозициясын жана балдар кѳргѳзмѳсүн кѳрүп, жан дүйнѳңүздѳрдү эс алдырып кетүүгѳ чакырабыз.