КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЧОН МАСШТАБДА ТАРТЫЛГАН, “7” АТАЛЫШТАГЫ ЖЕТИ АКЕГЕ АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ
Улуттук музейде XVIII-XIX-XX кк. касиеттүү көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар – жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы “7” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.
Кыргыз элинин феномени саналган олуялык кѳсѳмдүгү, философиялык ой жүгүртүү аалымдыгы, идеологиялык-агартуучулук милдетти аркалагандыгы, жалпы элдин оор жүгүн кѳтѳрүп жүргѳндүгү менен калк кадырлаган “Аке” даражасына жеткен инсандарга арналган кѳргѳзмѳ кѳрүүчүлѳр тарабынан жогору бааланды.
Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Ишенгүл Болжурова, Кыяс Молдокасымов сындуу коомдук ишмерлер менен окумуштуулар катышып, оозеки, архивдик, документалдык булактардагы акелердин ѳрнѳктүү ѳмүр жолу, кара кылды как жарган калыстыгы, ченде жок чечендиги, алдыңкы келечек жѳнүндѳ талдап-бычып ой жүгүрткѳн кѳрѳгѳчтүгү тууралуу баяндап кетишти.
“Жети” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн экспонаттары – айтылуу жети акенин элестери түшүрүлгөн картиналар. Портрет жанрында аткарылган, реализм жана импрессионизм ыкмалары менен жазылган чыгармалардын автору – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, көптөгөн эл аралык жана жеке көргөзмөлөрдүн катышуучусу Абазбек Апиев, иш-чаранын максаты акелердин феномендигин мамлекеттик деңгээлде таанытуу, мектептерге ысымдарын ыйгаруу, улуттун байлыгы катары баалоого үндѳѳ экендигин ачылышында билдирди.
Тарых музейи тарых жараткан жети акенин кѳргѳзмѳсү менен таанышып кетүүгѳ ѳз кѳрүүчүлѳрүн чакырат.
Пресс-маалымат:
Абазбек Апиев – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, КР Сүрөтчүлөр Союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С. Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана КГУСТА университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы эң оорчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана Ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырылган “Ыйык аманаттар” чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган.