КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЧОН МАСШТАБДА ТАРТЫЛГАН, “7” АТАЛЫШТАГЫ ЖЕТИ АКЕГЕ АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ УЛАНУУДА
Улуттук музейде Кыргыз элинин феномени саналган тарыхый инсандар – жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы “7” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.
Иш-чарага министрликтин жооптуу ѳкүлү, коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана кѳрүүчүлѳр катышышты.
Иш-чаранын алкагында, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова менен картиналардын автору, КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү Абазбек Апиев жолугуп, мамлекетчил инсандарды даңазалоо, коомчулуктун жана жаштардын мекенге жана маданиятка болгон сүйүүсүн күчѳтѳ турган иштер багытында иш алып баруу тууралуу сүйлѳштү.
Тарых музейи маданияттын ѳнүгүшүнѳ жана жаратман инсандарды таанып билүүгѳ үндѳгѳн кѳргѳзмѳнүн уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирүү менен, тарых жараткан жети акенин кѳргѳзмѳсү менен таанышып кетүүгѳ ѳз кѳрүүчүлѳрүн чакырат.