музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН МАДАНИЙ САНАРИПТИК ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУ УЛАНТУУДА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН МАДАНИЙ САНАРИПТИК ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУ УЛАНТУУДА

Улуттук тарых музейи Корея Республикасынын Азия маданиятынын борбору менен биргеликте, «Кыргыз Респуликасынын маданий ресурстарын башкаруу системасын түзүү жана маданият тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо» долбоорун ишке ашыруунунун алкагында, “Музейлердин цифралык архивдерин жана маданияттык мазмунун түзүү программасы” аттуу тренингге катышышты.

Программанын негизинде, музей экспонаттарын KCRMS (Кыргызстандын маданий ресурстарын башкаруу системасы) системасына киргизүүдѳгү фунциялары боюнча контентти түзүү иши презентацияланды.

Долбоор тарых музейинин кызматкерлери үчүн ийгиликтүү болуп, жаңы маалыматтарды жигердүү ѳздѳштүрүп, тажрыйба топтошуп, теориялык жана практикалык алган билимдерин колдонуу менен фондулук предметтерди электрондук каттоого киргизүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90