музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Музейдин администрациясынын жана профсоюз комитетинин уюштуруусу менен “Маданият кызматкерлеринин күнү” майрамдык маанайда ѳткѳрүлдү.

Алгач мекеме жетекчилиги, ѳз жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, элдин маданий казынасын байытуудагы, наркын сактоодогу музей кызматкерлеринин эмгеги жогору экендигин, калктын руханий ѳнүгүшүнѳ ѳлчѳѳсүз салым кошуп жаткандыгын белгилеп, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Иш-чара андан ары майрамдык маанайда ыр-бий жана куттуктоо менен уланып, Манас театрынын чыгармачыл тобу кызыктуу концерттик программа тартуулады.

Театрдын таланттуу акын, манасчысы Бакыт Шаршеналиев “Манас” айтып, айтыштын алдыңкы тѳкмѳ акындарынын бири Кубат Тукешов элдин маанайын кѳтѳрѳ тѳгүп ырдап, жаңы ѳсүп келе жаткан ырчы, тѳкмѳ акын кыз Аккыз Абазбекова обондуу ырларды аткарып, ырчы Кенже Абдылдаева ѳз номурларын тартуулады.

Улуттук тарых музейинин жамааты, жалпы кесиптик майрамы менен бардык маданият ишмерлеринин жана ѳкүлдѳрүнүн иштерине ийгиликтерди каалап, чын дилинен куттуктайт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90