музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ РЕПРЕССИЯ КУРМАНДЫКТАРЫНЫН 85 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ РЕПРЕССИЯ КУРМАНДЫКТАРЫНЫН 85 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшүнѳ салым кошкон мамлекеттин кѳрүнүктүү ишмерлеринин репрессия болгондугунун 85 жылдыгына арналган “Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция тарых музейинде жогорку деңгээлде уюштурулуп ѳткѳрүлдү.

Конференцияга КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, КР Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ата-Бейит музейинин жетекчиси Болот Абдрахманов, о.э. музей жетекчилери, окуу жайлардын ректорлору жана Россия, Казакстан, Ѳзбекстан ж.б. ѳлкѳлѳрдүн ѳкүлдѳрү катышты.

Конференциянын жалпы жана пленардык жыйыныны катышуучулары тарабынан кыргыз мамлекеттүлүгүн түптѳгѳн инсандардын тарыхтагы орду, алардын стратегиялык кѳрѳгѳч кадамдары, чечкиндүү саясий күрѳшү тууралуу кызыктуу баяндамалар жасалды.

Улуттук интеллигенциянын эскерүү, сабак алуу жана алдыдагы 1924-жылдагы мамлекеттүүлүктүн кайрадан түзүлүүсүнүн 100 жылдыгын татыктуу белгилѳѳ демилгеси сунушталган иш-чара, тарых музейинде ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90