музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ЖАНА АЛДЫНКЫ СТУДЕНТТЕРИ КѲРҮП КЕТТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ЖАНА АЛДЫНКЫ СТУДЕНТТЕРИ КѲРҮП КЕТТИ

И. Арабаев атындагы КМУнун ректорунун демилгеси менен жетекчиси ѳзү баштап келген окуу жайдын алдыңкы студенттерине, тарых музейи тарабынан кызыктуу экскурсия уюштурулду.

Университеттин жакшы демилге баштаган жетекчиси Айгүл Абдраева жетектеген активдүү студенттерин музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, ректор ѳзү студенттери менен маданий программа менен келип жаткан алгачкы саамалык экендигин белгилеп ѳттү.

Окуу жайдын жетекчиси жана ынталуу билим алуучулары Байыркы доордон – Эгемендүү Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына чейин ата-бабаларыбыздын эзелки таржымалын угуп, учуруна кѳз чаптырып, колдонгон кѳѳнѳ буюмдарынын катылган сырларынын маанисин тыңшап, кыргыздын карт тарыхына чѳмүлүп угушту.

Ѳздѳрү окуган илимий мекемеге ысымы берилген, XX кылымдын башында агартуу тутумун жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салым кошкон чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенаалы Арабаев ж.б. улуу инсандар тууралуу маалыматтарга ѳзгѳчѳ кѳңүл бѳлүштү.

Агартуучу экскурсиянын соңунда, Улуттук музейдин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова менен Окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева тарыхый эстелик болуучу белектерин тапшырып, сүрѳткѳ түшүштү.

Тажрыйбалуу жетекчилер, алдыда билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташууну улантуу учурдун талабы экендигин, мындай иштер уланаарын сүйлѳшүүдѳ билдиришти.

Тарых музейи келечек муунга татыктуу билим жана тарбия берип, маданий иш-чараларга жеткиликтүү кѳңүл буруп жаткан окуу жайдын жетекчилигинин жана уюштуруучуларынын иштерине ийгилик каалайт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90