музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН ПРИНЦЕССАСЫ КѲРҮП КЕТТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН ПРИНЦЕССАСЫ КѲРҮП КЕТТИ

Сауд Арабиянын атайын музей менен таанышуу ѳтүнүчү менен келген жогорку даражалуу принцессасын мекеменин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, тарыхый-маданий темада пикир алышты.

Ѳлкѳнүн маданий жүзүнѳ айланган тарых музейине келген мейманга, адамзат коомунун, түрк-ислам маданиятынын Кыргызстанда табылган уникалдуу коллекциялары жана маанилүү тарыхый окуялары тууралуу кызыктуу экскурсия уюштурулду.

VIII кылымдан – XX кылымдын башына чейин Кыргызстандын аймагында тараган ислам маданиятына тийиштүү маалыматтар, коноктун кѳңүлүн бурган тема болду.

Борбордук Азиядагы эң ири маданий жайдын кайталангыс топтомдорун кѳрүп чыккан принцесса, кѳңүлдү эс алууга шарт түзгѳн мекемеге ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90