музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “САЙМАЛУУ-ТАШ САНАТЫ” АТАЛЫШТАГЫ ТѲКМѲ АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “САЙМАЛУУ-ТАШ САНАТЫ” АТАЛЫШТАГЫ ТѲКМѲ АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ ѲТТҮ

“Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы республикалык айтышынын тандоо туру тарых музейинде уюштурулду.

Кыргыздын тарыхый сүрѳт мурасын ЮНЕСКОнун атайын тизмесине киргизүү максаты коюлган иш чарада – кечки коло доорунан – эрте орто кылымга чейинки петроглифтердин тарыхый, илимий жана маданий мурас катары орду тууралуу баяндуу ырлар тѳгүлдү.

Т. Казаков, С. Кайыпов, Б. Орунбеков, Ч. Итигулова, М. Кѳлбаева, З. Баялиев, Ж. Эсеналиев сындуу тѳбѳсү кѳрүнгѳн маданият ишмерлери, окумуштуулар, манасчылар айтышка калыстык кылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында 34 акындын ичинен, калыстардын чечими менен жогорку упай алган 16 акын: Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Арген Биймырза уулу, Тынчтыкбек Эсенбай уулу, Темирбек Матыбаев, Элмирбек Иманалиев, Шайлообек Отунчиев, Жибек Сапар кызы, Жамайка Токонова, Тынарбек Бураев, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Турат Жумаев, Абдылда Нуралиев жана Максат Кулуев финалга тандалып алынды.

Улуттук тарых музейинде Маданият министрлигинин жана Манас театрынын улуттун маданиятын даңазалаган, адамзаттын маданий мурасы катары таанытууну кѳздѳгѳн, бүйүрдү кызыткан айтышы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90