музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЖЕТЕКЧИСИ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА САУД АРАБИЯНЫН КАНАЛЫНА МАЕК БЕРДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЖЕТЕКЧИСИ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА САУД АРАБИЯНЫН КАНАЛЫНА МАЕК БЕРДИ

Кыргыз Республикасынын Башкы музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова Сауд Арабия ѳлкѳсүнүн ютуб каналынын ѳкүлү менен Кыргызстандын туристтик потенциалы, тарыхый-маданий мурастары, кыргыз жерин таанытуудагы маданий мекемелердин жана музейлердин орду тууралуу сүйлѳштү.

Кыргызстандын туризм чѳйрѳсүндѳгү келечеги, жасалып жаткан иштер, эс алуучуларды ѳлкѳгѳ тартуу жолдору, эл аралык кызматташтык тууралуу маектешүүдѳ музей ишмердүүлүгү тууралуу да айтылды.

Улуттук музейдин элчиликтер менен биргеликте ѳткѳрүлгѳн иш-чаралары, турфирмалар менен түзүлгѳн байланыштары, санарипке ѳтүү кадамдары, кѳргѳзмѳлѳрдү ачуу, илимий конференцияларды уюштуруу багытындагы кызматташуунун аркасында жасалып жаткан иштердин ийгиликтери тууралуу айтылган маалымат чет ѳлкѳлүк кеңири аудиторияга багытталды.

Тарых музейи, кеңири чѳйрѳсү жана кѳрүүчүлѳрүн кызыктырган контенти бар каналга берилген маек, ѳлкѳнүн туризм тармагынын ѳнүгүшүнѳ ѳз салымын киргизет деп ишенет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90