музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАШ КАДРЛАРДЫ ТАРБИЯЛООДО

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАШ КАДРЛАРДЫ ТАРБИЯЛООДО

Музейдин Билим берүү жана агартуу бѳлүмүнѳ кабыл алынган баяндамачы жаш адис Илимий-усулдук кеңештин угуусунан ѳттү.

Тарых музейинин орус жана англис тилинде экскурсиялык агартуу тейлѳѳ кѳрсѳтүү кызматына жаңы кабыл алынган Токтосунова Жамиля кыска аралыкта кыргыз тарыхы боюнча насаатчыларынын илимий жана усулдук кеңешин алып, атайын угуудан ѳттү.

Ѳзүнүн билиминин жана эрудициясынын кеңдигин далилдеп, Кыргызстандын археологиялык артефактары менен байланышкан бѳлүмдү дилгирлик менен түшүндүрүп берди.

Келечектин жакшы адиси чыга турган, кылымдык тарыхты кыйла элге тааныта турган жаш кызматкерлердин музейде кѳбѳйүп жатышы, акыл менен тажрыйбанын тең салмагына, улуу муундагы адистердин ишин улоого түрткү берүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90