музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИЛИМ КҮНҮНѲ ЖАНА АКАДЕМИК Д. МАМАТКАНОВДУ ЭСКЕРҮҮГѲ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИЛИМ КҮНҮНѲ ЖАНА АКАДЕМИК Д. МАМАТКАНОВДУ ЭСКЕРҮҮГѲ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

Илим күнүнѳ жана академик Д. Маматкановду эскерүүгѳ арналган “Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарына климаттын ѳзгѳрүү шартында мониторинг жүргүзүү, моделдештирүү жана прогноздоо маселелери” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция тарых музейинде ѳтүүдѳ.

Конференцияга мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, уюмдардын адистери, Кыргызстандын жана Россия, Казакстан ж.б. ѳлкѳлѳрүнүн окумуштуулары катышып, Борбордук Азиядагы суу ресурстары, жаңы технологияларды киргизүү жана кадрларды тарбиялоо ж.б. маселелери боюнча кѳптѳгѳн актуалдуу маселелер талкууланып, Меморандум түзүлүп, атайын Резолюция кабыл алынды.

Иш-чаранын маданий программасынын алкагында, катышуучулар 100 жылга чукул тарыхы бар Улуттук тарых музейинин кѳргѳзмѳсүн кѳрүштү.

Борбордук Азиянын эң байыркы эли – кыргыздардын жана Кыргызстандын аймагындагы маданияттардын табылгалары тууралуу агартуучу экскурсия, суроо-жооп түрүндѳ диалог менен коштолду.

Конференциянын ѳкүлдѳрү, соңунда баяндуу жана ырааттуу жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90