музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “БУУДАЙБЕК САБЫР УУЛУ: САНЖЫРАЧЫ-ФОЛЬКЛОРИСТ” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “БУУДАЙБЕК САБЫР УУЛУ: САНЖЫРАЧЫ-ФОЛЬКЛОРИСТ” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

Кѳрүнүктүү фольклорист-этнографт, жазуучу жана таланттуу журналист Буудайбек Сабыр уулунун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция тарых музейинде уюштурулду.

Конференцияда сѳз сүйлѳгѳн академик А. Акматалиев, КР Президентинин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Г. Кыштообаева ж.б. мамлекеттик кызматкерлер, талантуу инсандын тарыхтагы ордун белгилеп ѳтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ, китеп кѳргѳзмѳсү кѳрсѳтүлүп, ѳмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма тартууланды.

Рыскул Жолдошев, Асан Темиров, Мурат Кожобеков Мелис Абакиров сындуу окумуштуулар менен жазуучулардын иликтѳѳсүндѳгү илимий баяндамалар жасалды.

Улуу окуялардын жана улуттун инсандарынын тарыхын камтып жаткан тарых музейинде жакшы уюштурулган конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Пресс-маалымат. Буудайбек Сабыр уулу кыргыздардын руханий-маданий мурастарын сактоого салмактуу салым кошуп, ѳз ѳмүрүн таланттуу аткаруучулардын мелодияларын жазып калтырууга жана изилдѳѳгѳ арнаган.

Ал 1960-1965-жж. эле 1126 магниттик лента, жалпы 3000ден ашык мелодияны жаздырып, Кыргызстандын Алтын Фондусуна ѳткѳрүп берген. Анын “Унутулгус кездешүүлѳр”, “Эл шайырлары”, “Эл куудулдары”, “Жомокчулар жана жомоктор” ж.б. эмгектери жана кѳп сандаган макалалары эл кѳѳнүнѳн түнѳк тапкан.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90