музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА ТАРЫХ ЖАНА АТА БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНѲ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА ТАРЫХ ЖАНА АТА БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНѲ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга, КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Алиев, М. Маматалиев, КР Улуттук тарых музейинин директору Ж. Бакашова, коомдук ишмер Р. Айтматова, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы Фонддун аймактык ѳкүлү, маданият кызматкерлери, илимий мекемелердин, окуу жайлардын окумуштуулары катышып, сѳз сүйлѳштү.

Конференцияда музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова, илимий публикацияга “Тарыхый эс-тутумдагы адабияттын жана маданий мурастардын ролу” аталышындагы докладын окуду.

Ѳзүнүн чыгып сүйлѳгѳн сѳзүндѳ, мамлекеттүүлүктүн жана улуттук интеллигенциянын ишмердүүлүгүнүн ролу тууралуу да баяндап берди.

Бир катар окумуштуу жетекчилер жана окутуучулар, илимий макалаларында тарыхый актуалдуу маселелерге токтолушту.

Музей жетекчиси эл аралык илимий-практикалык конференция катышуу менен, музейлер тарыхый эс-тутумдун борбору, күбѳсү, сакталуучу жана таратуучу руханий жай катары ролу бийик экендигин билдирип кетти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90