музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КМШНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КМШНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Бишкек шаарында ѳтүп жаткан КМШнын саламаттык сактоо тармагы боюнча кызматташтык Кеңешинин XXXVI отурумунун катышуучулары, иш сапарынын алкагында, тарых музейинин кѳргѳзмѳсүн кѳрүштү.

Атайын келген делегаттарга кыргыз тарыхы жана маданияты менен тааныштыруучу экскурсия жүргүзүлдү.

Кыргызстандын байыркы, орто, жаңы жана соңку жаңы тарыхы боюнча коюлган түп нуска жана аналогиясы жок мыкты коллекциялары аркылуу, бай маалымат берилди.

Соңунда, меймандар музей экспонаттарын кенири коомчулукка таанытып келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90