КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АРМЕНИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын катышуучу Армения ѳлкѳсүнүн делегаттары, КР Жогорку Кеңештеги иш-сапарынын алкагында, тарых музейине саякат жасашты.
Делегация ѳкүлдѳрүнѳ, Байыркы доордон – Эгемендүү Кыргызстандын азыркы күндѳгү тарыхына чейин илимий кызматкер ырааттуу маалымат берди.
Ар доордогу экспонаттарга, кызыктуу маалыматка бай маданий мекемеге соңунда ыраазычылыгын билдиришти.
