музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЫСЫК-КѲЛ ОБЛУСУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КѲРҮП КЕТИШТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЫСЫК-КѲЛ ОБЛУСУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КѲРҮП КЕТИШТИ

Бишкек шаарына маданий-агартуу программа менен келген аймактын алдыңкы окуучулары, адамзаттын жана ата-бабалардын тарыхы менен таанышуу максатында тарых музейинин кѳргѳзмѳсүнѳ саякат кылышты.

Идиректүү окуучулар жана тарбиячыларга, археологиялык артефактардын баалуулугу, кыргыз эли руханий казынасы саналган “Манас” эпосу, прикладдык искусствосундагы камтылган сырлар, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшү үчүн улуттук интеллигенциянын саясий күрѳшү, Эгемендүүлүктүн терең мааниси тууралуу кеңири баяндама жасалды.

Акыл кѳрѳңгѳлѳрүн байыткан билим алуучулар, соңунда мекемеге ыраазычылыгын жана жакшы пикирин билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90