музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИШМЕР АЙЫМДАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИШМЕР АЙЫМДАРЫ КЕЛДИ

Тарых музейи менен тыгыз кызматташып, иш-чараларды ѳткѳрүп жаткан түрк тараптын демилгеси менен бир катар ѳлкѳлѳрдүн ишмер айымдары музей экспозициясы менен таанышты.

Бишкек Эл аралык Аялдар клубунун жана Түрк элчисинин жубайы Мария Догандын демилгеси менен уюштурулуп жаткан иш-чаранын алкагында келген меймандарга, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, салттуу баалуулуктары тууралуу баяндама жүргүзүлдү.

Кыргыз коомундагы аялзатынын ролу жана ишмер айымдары тууралуу, ѳтѳ кызыгуу менен экскурсиянын жүрүшүндѳ угушту.

Каныкей, Айчүрѳк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан датка, Зууракан Кайназарова, Бүбүсара Бейшеналиева сындуу тарыхый инсандардын сабак алуучу мамлекеттүлүккѳ кошкон салымдары тууралуу баса белгиленди.

Улуттук тарых музейинин жетекчилигинин ар тараптуу кызматташуудагы активдүү аракетине жана маданий программага берген уруксаатына, меймандар соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90