музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮШТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮШТҮ

Мектеп тамагын жакшыртуу долбоорунун алкагында, ѳлкѳлѳр арасында тажрыйба алмашуу үчүн “Туура тамактануу – сергек жашоонун маңызы” аттуу Эл аралык форумдун катышуучулары тарых музейине саякат жасашты.

Кыргызстандын Борбордук музейин кѳрүү үчүн атайын келген форумдун ѳкүлдѳрүнѳ кызыктуу экскурсия уюштурулду.

Кыргызстандын тарыхый-археологиялык карталарындагы таш, коло доорунун маанилүү эстеликтери менен, дубал бетиндеги сактарга арнап чектирилген ирандагы сүрѳттѳрдүн илимий таржымалынан тарта, азыркы мезгилге чейин маалымат алышты.

Кыргыз элинин бай жана байыркы тарыхы тууралуу кѳрүп-уккан меймандар, соңунда тарых музейинин коллекциялары уникалдуулугуна таң бергенин, руханий канааттануу алгандыгын белгилеп ѳтүштү.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90